Биз менен байланышыңыз

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда башталат

Кыска кабар | 14 мая 2022 | 344 | 0

Быйыл 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Бул тууралуу Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухарем Касапоглу «Твиттер» баракчасына жазды.

Иш-чарага жүздөн ашуун өлкөдөн үч миңдей спортчу катышары айтылды.

Буга чейин Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча маалымат берип, маданий бөлүк, тагыраагы, өнөрпоздордун даярдануусу жана барып келүүсү үчүн 50 млн сом, спортчулар үчүн 50 млн сом каралганын айткан.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы эстафетаны Түркия алган. Ар эки жылда өтө турган бул чоң оюн 2020-жылы пандемияга байланыштуу эки жылга жылдырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM