Биз менен байланышыңыз

Мунай ишкерлер 15-майдан тарта маалыматтык системага катталышы керек

Кыска кабар | 14 мая 2022 | 181 | 0

15-майдан тарта маркаланган продукция, мунай, мунайзат менен алектенген ишкерлер Салык кызматынын маалыматтык системасына катталып, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

ЭТТК маалыматтык системасына катталуу Салык кызматынын сайтындагы «жеке кабинетте» жүргүзүлөт.

Документтерди электрондук форматка өткөрүүдөгү максат кеңсе жана почта тейлөөлөрүнө кете турган чыгымды кыскартуу, ички документ жүгүртүүнү, башкаруу сапатын жакшыртуу болуп саналат.

ЭТТК системасы аркылуу ишкерлердин котрагенттер менен документ алмашуусу ыкчамдаары, бир канча мүнөттүн ичинде эле бир топ кагазды бүтүрүп койсо болору белгиленди.

Айта кетсек, кагаз документтерди толтурууга, жүгүртүүгө бир канча күндөр талап кылынары, ошондой эле тиешелүү кызматкерлердин бюрократиялык мамилеси буга чейин айтылып, ишкерлердин нааразычылыгын жаратып келген.

Документ боюнча толук маалыматты Салык кызматынын сайтынан алсаңыз болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM