Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө ШКУнун эл аралык марафону өтүп жатат

Кыска кабар | 14 мая 2022 | 162 | 0

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 22 мамлекетинен 3 миңден ашуун жөө күлүк келген.

Жалпы байге фонду миллион сомду түзгөн марафондо спортчулар 42,21,10,3 чакырымдарга чуркап, 3,10 чакырымды скандинав ыкмасында басып өтүшөт.

Марафондун тиешелүү ченемдик талаптарын аткарган күлүктөр Олимпиада оюндарына, Дүйнө чемпионатына, Азия оюндарына лицензия алышат.

Иш-чарага Акылбек Жапаров баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү да барып, министрлер кабинетинин төрагасы куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM