Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Алыкул Осмоновдун Ысык-Көлдөгү үйүнө барды (сүрөт)

Кыска кабар | 14 мая 2022 | 209 | 0

Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы Алыкул Осмоновдун үй-музейине барды.

Музей менен таанышкандан тышкары үй-музейдин жанына түшөрү мерчемделип жаткан Алыкул Осмонов атындагы сейил бактын курулуш долбоору менен таанышты.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каржылоосунда курула турган парктын ар кай жерине Алыкул Осмоновдун ыр саптары атайын тактачага жайгаштырылып, кире беришине айкели тургузулат.

Министрлер кабинетинин төрагасы андан тышкары ушул эле шаардын таза суу системасын жаңылоо иштеринин жүрүшүн көрдү. Иш Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Чолпон-Ата шаарындагы суу түтүктөр системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында шаардык «Суу-канал» ишканасы тарабынан аткарылып жатат.

Долбоорго жалпы 5 млн 100 миң евро бөлүнгөн. Анын негизинде баштапкы этапта «Суу-канал» ишканасынын кеңсесинин короосуна унаа токтотуучу жай салынып, 5 жаңы техника сатып алынган. Ошондой эле суу тазалоочу станцияны куруу башталып, 18 чакырымга жаңы түтүк тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM