Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова үч күн Ош облусун кыдырат

Кыска кабар | 14 мая 2022 | 337 | 0
Архивдик сүрөт

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 18-майдан 21-майга чейин Ош облусуна иш сапар менен барат. Бул тууралуу Акыйкатчы аппараты кабарлады.

Сапардын жүрүшүндө Кара-Суу, Ноокат райондорунун, Ош шаарынын тургундары менен жолугуп, алардын арыз-даттанууларын угат.

Андан тышкары «Инсан Диамонд» укук коргоо органы, «Эл аралык коргоого көмөктөшүү», «Сулайман нуру» коомдук фонддорунун, «Ак жүрөк» кризистик борборунун, «Жаңы ыргак», «Ош жаштары» уюмдарынын, «Кызыл айчык» гуманитардык уюмунун, «Позитивдүү диалог» коомдук фондунун өкүлдөрү менен баарлашат.

Жолугушууларга район акимдери, шаар мэри жана тиешелүү жетекчилер да катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM