Биз менен байланышыңыз

Министрлик Аксынын айдоосун каптаган чегиртке боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар , Пикирлер | 13 мая 2022 | 333 | 0

Май айдын башында Лейлек районунун миң гектарга жакын аңызын, Аксы районунун 2 миң гектарга чукул талаасын чегиртке каптаганы боюнча маалымат чыккан. Дыйкандар талаадагы эгинин зыянкеч жеп кеткенин айтып, андан арылуу үчүн өкмөттөн жардам сурашкан.

Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин өсүмдүктөрдү коргоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Алмаз Алакунов «Маралдын» эфиринде аңыз-шалбааны каптаган чегирткеге каршы иштер жасалганын айтты. Ошол эле учурда Аксы районунун Кербен шаарынын сыртындагы эгин талааны чегиртке каптап, зыян келтиргени аныкталганын белгилеп, анын себебин түшүндүрдү.

 «Аксы районунда чегиртке көп жылдык чөптүн арасынан чыгып, дыйкандардын айыл чарбасына көп эмес зыян келтирген. Себеби ал жер 5 жылдан бери иштетилбей, трактор барбаган, айдалбаган жер болгондуктан ушундай окуя болуп калды. Биз 500 миң гектар жерге дароо химиялык иштетүүлөрдү жүргүздүк. Ал жерде эч кандай дыйкандын эгини жок, бир гана көп жылдык чөп болчу. Акыркы 2-3 күндө ошол жакта болдук, атайын техникалар менен чегирткелерди жок кылдык».  

Маалыматтарда Аксы районунда 2 миңге чукул айдоо талаасын чегиртке жеп кеткени айтылган. Бирок Алакунов бул чындыкка дал келбесин айтып, четке какты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM