Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Аксыда болгон жол кырсыктан бир адам каза тапты

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 228 | 0

Аксы районунун «Кербен — Кош-Дөбө» жолундагы кырсыктан бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык бүгүн, 13-майда таңкы саат 5:55те болгон. ВАЗ-2106 унаасы менен Honda Stepwgn унаасы кагышып, андагы 1 эркек киши каза таап, 13 киши ар кандай жаракат алган.

Жерине ӨКМдин Аксы райондук бөлүмү барып, маркумдун сөөгүн унаадан алып чыгып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми кырсыктан жабыркаган 7 эркек, 3 аял, 3 жаш баланы «Тез жардамдын» экинчи бригадасы райондук ооруканага алып кетишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM