Ошто өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 17 жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
12-майда 112 номерине Масалиев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 11-кабатында бир кыз өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине төрт куткаруучу тартылып, кызды түшүрүп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Андан соң Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.