Биз менен байланышыңыз

«Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунун Боом капчыгайы төрт күнгө жабылат

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 463 | 0

16-майдан 20-майга чейин «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунун Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Иштер күн сайын 9:00дөн 15:00гө чейин жасалат. Бул учурда жолдун бир тарабы жабылып, аны МАИ кызматкерлери көзөмөлдөйт.

Унаалар топтолуп калган кезде, иш токтотулуп, кезек-кезеги менен өткөрүлүп турат.

Иштер тоо боорундагы бошоп калган таштардын кулап кетүү коркунучунун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM