Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда эми коронавирус боюнча күнүмдүк статистика жарыяланбайт

Кыска кабар | 12 мая 2022 | 545 | 0

Кыргызстанда коронавирус боюнча күнүмдүк статистика азырынча жарыяланбайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Статистиканын жарыяланбай калышы өлкө аймагында оорунун басаңдашы менен түшүндүрүлөт.

«Эгер оорунун жаңы учуру каттала турган болсо, статистика кайра бериле баштайт», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 196 миң 406 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM