Connect with us

Тагаева: Кыргызстандын PISA программасынын алдыңкы сабына чыгуу мүмкүнчүлүгү бар

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Май 2022 | 455 | 0

Окуучулардын билим деңгээлин баалоонун эл аралык PISA программасынын изилдөөлөрүнүн алдыңкы саптарында Европа өлкөлөрү турат. Бирок акыркы жылдары Азия мамлекеттери да озуп чыга баштады. Мунун аркасы менен Кыргызстандын да алдыга чыга ала турган мүмкүнчүлүгү бар. Мындай пикирин Кыргыз билим берүү академиясынын баалоо лабораториясынын башчысы Гүлмира Тагаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ушундай жыйынтыкка жетишүү үчүн маалыматтар туура, так берилип, мугалимдерди, окуучуларды жакшы даярдоо зарыл.

«Билим берүү министрлиги да иш-аракеттерин натыйжалуу жүргүзүүсү абзел. Жол картасы жана иш-аракеттердин планы талкууланып, кабыл алынды. Эми бул боюнча иштер жигердүү алып барыла баштады».

Тагаева азыркы тапта билим берүү тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар бир нече жылдан кийин сезилип, жемишин бере баштаарын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM