Биз менен байланышыңыз

Маматкаимов: Эверест чокусу таза ойлуу адамдарды гана кабыл алат

Кыска кабар , Пикирлер | 12 мая 2022 | 435 | 0

Гималайдын 7000 метр бийиктиктигин багындырган кыргызстандык альпинист Акматбек Маматкаимов «Маралдын» түз эфиринде өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Анын айтымында, адамзаттын тазалануусунун бирден-бир жолу – тоолор, анын ичинде Эверест болсо керек. Тоо таза эмес адамды кабыл албайт. Анткени татаал жолдор менен өтөсүң, ар кандай оорулар чыгат, кырдаал курчуйт, кыйын жерлерден өтүүгө туура келет. Энергиясы таза адамдардын Мекени Эверест экени сезилди.

 «Психологиялык даярдык 60-70%ды түзөт, ал эми физикалык даярдык 30-40%ды гана түзөт. Комплекстүү факторлор керек: психологиялык, физикалык, техникалык, ички дух, эрк. «Мен кыйынмын, спортсменмин» деп бир багытуу эле болсоң, жетүүгө мүмкүн эмес. Ал жер чынында ыйык жер экен. Эрктүү, күчтүү, таза ойлуу адамдарды кабыл алган тоолордон экен. Альпинизм абдан татаал, акылыңа эмне деген ойлор келген, өмүр менен өлүм ортосунда болгон, спорттун башкача түрүнө алып кире турган нерсе экенин түшүндүм. Альпинизмге чыккан учурда өмүрүңдө кылган иштериңди, күнөөлөрүңдү анализдей баштайсың. Ар бир баскан кадамың – өмүр менен өлүмдүн жана тазалыктын күрөшү».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM