Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш кумаркана мыйзамын карап жатат

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 184 | 0

Жогорку Кеңеш 11-майдагы сессиясында кумар оюндарына байланыштуу мыйзамдын долбоорун ачык кароого өтүштү. Ага чейин президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытовдун өтүнүчү менен жабык карай турган болушкан.

Көпчүлүк депутаттар долбоорго каршы болгондуктан талкууну ачык өткөрүүнү талап кылышканы айтылды. Мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат.

Документ кумарканаларды ачууга багытталган. Ал инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев «Маралдын» эфиринде кумарканаларды ачууга туура көз карашта экенин билдирип, ал чындап эле бюджетке бир кыйла киреше алып келе турган тармактардын бири деп белгилеген.

«Биз азыр бардык багытты активдештиришибиз керек. Эң биринчиден, мыйзам кабыл алынганда биздин жарандарга кумарканаларга кирип ойноого бөгөт коюлат. Ошондой эле кумарканалар чектелүү гана жерлерде ачылат. Тагыраагы, мейманканаларда жана 100 орундан ашык болгон кафе-ресторандарда гана болот. Оюн автоматтары залдан тышкары эч жакка чыгарылбайт. Бул — чет өлкөлүк жарандарга шарт түзүп берүү жана туризмдин деңгээлин жогорулатуу максатында көрүлүп жаткан иш-чаралар», — деди министр.

Долбоор Кыргызстандын аймагында оюн-зоок жайларын ачып, иштетүүнүн укуктук негиздерин, көзөмөл жүргүзүү жана жоопкерчилик маселесин карайт. Кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр гана ача алат, ошондой эле кардарлар да чет өлкөлүктөр болушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM