Биз менен байланышыңыз

Чүйдө үй тоноого шектелген үч адам кармалды

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 135 | 0

Чүй облусунун Сокулук райондук милициясы үй тоноого шектүү үч адамды кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

26-апрелде райондук ички иштер бөлүмүнө Н.Т. аттуу аял үйү тонолгонун айтып, арыз жазган. Арызда көрсөтүлгөндөй, белгисиз адамдар анын 1000 долларын, 15 миң сомун, «Леново» маркасындагы телефонун, күмүш жасалгаларын тоношкон. Алар келтирген чыгым 120 миң сомдон ашкан. Уурулар чыгып бараткан учурда үй ээсинин кичине кызы келип калган. Шектүүлөр анын бетине коргонуу каражатын (перцовый баллончик) чачып, качып кетишкен.

Бул факт бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен катталып, шектүүлөрдү издөө башталган. Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө уюшкан топтун башчысы, буга чейин да соттолгон, Чүй облусунун 1987-жылы туулган тургуну Ж.Б., Чүй облусунун 1962-жылы туулган тургуну Б.В., Ысык-Көл облусунун 1996-жылы туулган тургуну А.Ж. аталган кылмышка шектелип кармалган.

Тинтүү учурунда алардын жанынан далил буюмдар алынган. Шектүүлөр Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аларды суракка алуу, башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экенин тактоо иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM