Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө жөө күлүктөрдүн эл аралык марафону өтөт

Кыска кабар , Спорт | 11 мая 2022 | 863 | 0

Чолпон-Ата шаарында 14-майда ШКУнун Run the Silk Road X эл аралык марафону өтөт. Бул тууралуу 11-майда өткөн маалымат жыйында Эл аралык марафон дирекциясынын директору Мелис Надыров билдирди.

Ага 22 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчунун келиши күтүлүүдө. Марафондун байге фонду 1 млн 44 миң сомду түзөт. Ал 42 жана 21 чакырымга жүгүргөн кыз-келиндер жана эркектер арасында алдыңкы алты орунга бөлүштүрүлөт.

Жарыш 14-майда саат 08:00дө Чолпон-Атадагы ат майданында башталат. Марафон — 42 км 195 метр, жарым марафон — 21 км 97 метр жана 10 км, 3 км, ошондой эле скандинавиялык басуу 3 км менен 10 км узактыкты камтыйт.

Эл аралык марафонго ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышат.

Иш-чара ШКУга мүчө өлкөлөрдүн байланышын чыңдоо, ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу максатында өткөрүлөт.

ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM