Биз менен байланышыңыз

Ошто бирөөнүн мүлкүн «өз менчигим» деп саткан адам кармалды

Кыска кабар | 10 мая 2022 | 3845 | 0

Ош шаарында башка бирөөнүн мүлкүн «өзүмдүн менчигим» деп сатып жиберген коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Шектүү Ш.У. 2021-жылдын 12-сентябрында Ош шаарынын түштүк-чыгышындагы муз тебүүчү аянтча менен бассейнди «менин менчигим» деп, шаардагы Төлөйкөн кичи районунун тургунуна сатып, качып кеткен. Мүлктү сатып алуу үчүн жабырлануучу 615 миң 550 сом жана 15 миң долларлык «Тойота» унаасын берген.

Иликтөөдө белгилүү болгондой, айтылган объекттердин Ш.У.га эч кандай тиешеси жок болуп чыккан.

Шектүү кармалган учурда жанынан «Тоо-токой» коомдук фондуна таандык жасалма күбөлүк табылган.

Учурда Ош ШИИБнин тергөөчүлөрү шектүүнү суракка алып жатышат. Ага Кылмыш кодексинин 209-беренеси менен иш козголгон.

Айта кетчү жагдай, кармалган коңшу өлкөнүн жараны мурда да 6 жолу соттолгон. Ош ШИИБи эгер бул адамдан жабыркагандар болсо,  «102» кызматына же 0(703) 22-20-20 телефонуна кабарлап коюуну суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM