Биз менен байланышыңыз

Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы боюнча конференция өтөт

Кыска кабар | 10 мая 2022 | 380 | 0

12-майда Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук илимдер академиясы кабарлады.

Илимдер академиясынын алдындагы Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен «Түгөлбай Ата» коомдук фонду биргелешип өткөрө турган «Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы: кечээ жана бүгүн» аталышындагы конференция республикалык масштабда уюштурулат. Ага Министрлер кабинетинен, Билим берүү жана илим министрлигинен, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен, Тышкы иштер министрлигинен, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунан, бир катар ЖОЖдордон, эл аралык уюмдардан өкүлдөр чакырылган.

Конференция Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында 13:30да башталат.

Түгөлбөй Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. 1997-жылы 85 жашында Бишкек шаарында көз жумган.

Ал кыргыздын профессионал жазма адабиятын түптөөгө жана өнүктүрүүгө салым кошкондордун, улуттук прозадагы роман жанрын баштоочулардын бири. Соцреализм багытындагы чыгармалары аркылуу ХХ кылымдын кыргыз адабиятында өзгөчө орунду ээлеген.

Түгөлбай Сыдыкбеков «Биздин замандын кишилери» романы ошол кездеги эң абройлуу мамлекеттик Сталин сыйлыгын алган. Кыргыз жазуучуларынын ичинен бул сыйлыкты алган алгачкы жазуучу катары адабият тарыхында калган. Ошондой эле Кыргыз Эл Баатыры ардак наамы да эң биринчи ушул кишиге ыйгарылган.

Сыдыкбеков жеке жазуучу эле эмес, кыргыздын тарыхын, улуттук каада-салтын, нарк-насилин иликтеп, эне тилди коргоого салым кошкон коомдук ишмер, публицист журналист катары да белгилүү болгон.

Анын «Тоо арасында», «Тоо балдары», «Биздин замандын кишилери», «Көк асаба», «Бел-белес» сыяктуу көлөмдүү чыгармалары элдин жан дүйнөсүн байытууга өзгөчө салым кошуп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM