Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Германиядагы дарылануусу аяктап, Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жапаров жумушка чыгып, аппараттык кеңешме өткөрдү.
Акылбек Жапаров 28-апрелде жүрөгү ооруп, ооруканага жаткырылган. Ал Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусуна жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу түшкөн.
Өткөрүлгөн электрокардиография жана коронарография процедураларынын жыйынтыгында «жүрөк-кан тамыр спазмасы» деген диагноз коюлганы айтылган. 3-майда ал Германияга дарылануу үчүн учуп кеткени белгилүү болгон.