Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги түрмөлөрдүн биринен өрт чыкты

Кыска кабар | 10 мая 2022 | 165 | 0

Бишкектеги №47 абактан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жаза аткаруу мекемеси өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат ӨКМге бүгүн, 10-майда түнкү саат 00:08де түшкөн.

Жерине эки өрт өчүрүү бөлүмү барган. Абактын шифер менен жабылган темир түркүктүү эки, андан тышкары дагы үч камерасы өрттөнгөн.

Жабыркагандар катталган эмес. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM