Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстандын үч шаарында Евробиримдиктин иш-чаралары өтөт

Кыска кабар | 10 мая 2022 | 205 | 0

Бүгүн, 10-майда Каракол, Ош, Бишкек шаарларында Европа Биримдигинин иш-чаралары өтөт. Бул тууралуу биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Бул иш-чаралар Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат. Анда «Европа айылдары» аталышындагы майрамдык өнөктүк уюштурулуп, атайын программалар тартууланат.

Белгилүү болгондой, программада Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтык тарыхы, негизги багыттары, алдыдагы пландары, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн маданияты көрсөтүлөт.

Биримдик 1992-жылы 7-февралда Европадагы мамлекеттердин саясий-экономикалык жактан кызматташуусуна багытталган Маастрихт келишиминин негизинде түптөлгөн. Ушул эле жылдарда эгемендигин жаңыдан жарыялаган Борбор Азия өлкөлөрү менен алакасын баштаган.

Биригүүгө алгач 12 мамлекет кол койсо, учурда 27 мамлекет мүчө. Ал эми Кыргызстан менен түз алака 1999-жылы өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлгандан тарта ишке ашырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM