Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров ардагер Аспек Жумашевдин батасын алды

Кыска кабар | 9 мая 2022 | 413 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевдин үйүнө барды.

Өлкө башчы ардагерди Жеңиш майрамы менен куттуктап, чай үстүндө баарлашканча, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдү айтып берди.

Ал эми ардагер Аспек Жумашев 1942-жылдын сентябрь айында 18 жашында согушка чакырылганын, алгач Ленинград блокадасын бузууга катышканын, өмүр жолун баяндап өттү. 98 жаштагы карыя Ата Мекендик согуштун III даражадагы ордени, «Германияны жеңгени үчүн» медалы менен сыйланган.

Баарлашуунун соңунда ардагер аксакал өлкө башчысына батасын берип, мамлекетке бакубат, бейпил жашоо тиледи.

Copyright © 2017 Maral FM