Биз менен байланышыңыз

Эртең «Бүтүн Кыргызстандын» депутаттары Баткенге барат

Кыска кабар | 9 мая 2022 | 166 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы Баткен жана Ош облустарында көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу фракциянын катчылыгы кабарлады.

Адахан Мадумаров, Эмил Токтошев, Алишер Эрбаев, Гуля Кожокулова, Айгүл Айдаровадан турган депутаттык топ алгач 10-майда саат 16:00дө Исхак Раззаков шаарындагы калктын көйгөйүн угат.

Андан соң 11-майда саат 14:00дө Лейлек районунун Кулунду айылынын маданият үйүндө эл менен жолугушуу өткөрүлөт.

Ал эми 12-май саат 14:00дө Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында мугалимдер катышкан «Билим берүүнүн көйгөйлөрү» аттуу талкуу, ушул эле күнү саат 16:00дө «Мезгил өтпөйт, биз өтөбүз» аталышында жаштар менен баарлашуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM