Жогорку Кеңештин кезектеги жалпы жыйыны 11-майда өтөт. Анда 9 мыйзам долбоору караларын парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Карала турган мыйзам долбоорунун тизмеси:
- «Сырткы видеобайкоо боюнча» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралат;
- «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
- «2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
- «Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган «Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө» конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
- «Эл аралык чукул жардам жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
- «Өрт коопсуздугу жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
- «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
- «Күрөө жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет.
- «Ишкерлерди жана ишканаларды текшерүүгө укугу бар органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоору.
Айта кетсек, бул мыйзам долбоорлордун баарын Министрлер кабинети сунуштап, тиешелүү комитеттер карап чыккан.