Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан, Казакстан, Беларусь өкмөт башчылары куттуктоо жөнөттү

Кыска кабар | 9 мая 2022 | 334 | 0

Бүгүн, Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленип жатат. Ага байланыштуу айрым өлкөлөрдүн өкмөт башчылары куттуктоо жолдошту.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов: «Ушул белгилүү күнү биз фронттогу жана тылдагы оор сыноолордо күч-аракетин жана өмүрүн аябастан, тынчтыкты жана эркиндикти коргогондордун баарын терең таазим менен эскеребиз. Баатырлардын теңдешсиз эрдиги урпактардын эсинде түбөлүккө сакталат. Биздин жалпы тарыхыбыздын даңктуу барактары бүгүнкү күндө биздин өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы достукка бекем байдубал болуп кызмат кылып, көп кырдуу өзбек-кыргыз кызматташтыгы кеңейип жатканына ишенем. Кыргыз Республикасынын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деген.

Ал эми Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов: «Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын майрамдоого байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Согуш майданындагы жоокерлер жана тылда эмгектенгендер биздин жеңишибизге өз салымын кошкону ар дайым эсибизде. Улуу Жеңиш күнү урпактарыбыздын жаркын келечеги үчүн жан аябастан салгылашкан элибиздин биримдигинин жана баатырдыгынын символу катары түбөлүккө кала берет. Согуштун оор кыйынчылыктарын башынан өткөргөн элибиздин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да чыңдалып, өнүгө берерине ишенем», — деген.

Ушундай эле куттуктоону Беларусь өкмөт башчысы Роман Головченко да жолдоп, «Бул ыйык майрам согуш жылдарындагы оор сыноолорун жеңип чыккан, жер жүзүндөгү тынчтыкты эрдик менен жан аябастан коргогон, фронттун жоокерлеринин жана тыл эмгекчилеринин эрдигинин жана баатырдыгынын символу. Адамзаттын тарыхындагы эң улуу эрдиктин эстелигин кылдаттык менен сактап, бүгүнкү күндө Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасынын алдында турган милдеттерди биргелешип чечүү менен биз заманбап дүйнөнүн чакырыктарына натыйжалуу каршы тура алабыз деп ишенем. Туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жана биздин өлкөлөрдүн жарандарына бакубат жашоо каалайм», — деп белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM