Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленүүдө

Кыска кабар | 9 мая 2022 | 482 | 0
Архивдик сүрөт

Бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы өлкөнүн бардык аймагында белгиленип жатат.

Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында туу көтөрүү салтанаты болуп, өлкөнүн аскерлер Чүй проспекти аркылуу «Жеңиш» аянтына чейин салтанаттуу жүрүш жасашты. Саат 10:00дө президент Садыр Жапаров катышкан майрамдык эскерүү иш-чарасы өтөт.

Быйылкы «Өлбөс полк» жүрүшү Бишкек шаарында Түштүк дарбазада тараптагы Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» паркынан башталды. Учурда алар Байтик Баатыр, Жусуп Абдрахманов көчөлөрү аркылуу «Жеңиш» аянтын көздөй келе жатышат. Ушундай эле жүрүштөр Ош шаарында жана облустун, райондун борборлорунда да уюштурулары кабарланган.

Бишкек шаарында саат 12:00дө Пушкин көчөсү менен Раззаков көчөсүнүн кесилишинде мэрия уюштурган майрамдык концерт болот.

Булардан башка да бир катар маданий жана башка мекемелерде майрамдык салтанаттар өтөт.

Айта кетсек, 2020-2021-жылдары коронавирус пандемиясына байланыштуу бир катар иш-чараларга, анын ичинде Жеңиш күнүн белгилөөгө чектөө киргизилип, онлайн форматта өткөрүлүп келген.

1941-1945-жылдары болгон фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун жоокер катышып, 90 миңден ашууну курман болгон. Учурда эли-жерине кайтып келгендер ардагерлердин 146сы арабызда жашап келет.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине быйылкы жылы 100 миң сомдон бир жолку жөлөк пул берүү боюнча өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атайын жарлыгы чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM