Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча протоколго кол коюлду

Кыска кабар | 8 мая 2022 | 371 | 0

5-6-7-май күндөрү Бишкек шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелери талкууланды.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун талкуулап, макулдашты. Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду.

Кийинки жолугушуу Өзбекстандын аймагында өтөт.

Эске салсак, 5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл өкмөтүндөгү Дөбө-Коргон деген жерде Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандык үч жаранга курал колдонуп, үчөө тең ооруканада каза тапкан. Баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.

6-майда чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында тараптар төмөндөгүдөй чечимге келишкен:

— чек арачылардын көзүнчө мамлекеттик чек араны атайлап эмес бузган учурда чек ара кезметине курал колдонууга кескин түрдө тыюу салуу;

— кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турумун сактоо боюнча эки тараптын өздүк курамы менен кошумча биргелешкен сабактарды өткөрүү;

— Кыргызстандын Ала-Бука жана Өзбекстандын Янги-Курган багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү бардык көйгөйлүү аймактарда мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштуруунун тартибин аныктоого тийиш.

Мындан тышкары чыр-чатактарды болтурбоо боюнча эки Өлкөнүн чектеш жайгашкан аймактардын жергиликтүү жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM