Биз менен байланышыңыз

Нарын: Арал-Миң-Куш унаа жолу ачылды

Кыска кабар | 4 мая 2022 | 293 | 0

Нарын облусунун Жумгал районундагы Арал-Миң-Куш унаа жолуна түшкөн жер көчкү тазаланып бүттү жана жол ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Бүгүн жерине жолду кеңейтүү иш-чараларын улантууга ӨКМден ыкчам топ жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 6 техника тартылган.

1-май күнү саат 15:00 чамасында Арал-Миң-Куш унаа жолунун 20-чакырымында (Кызыл-Сөөк тилкесинде) 2014-жылы түшкөн жер көчкү кайрадан активдешип, көлөмү 15000м3 жер көчкү түшкөн. Ал Миң-Куш дарыясын жарымын басып калып, суунун денгээли көтөрүлүп, унаа жолдун болжол менен 35-40 метр аралыгын жеп кеткен.

Унаалардын өтүүсүнө кооптуу абал болгонуна байланыштуу унаа жол убактылуу жабылган эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM