Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш 11-майда жыйын өткөрөт

Кыска кабар | 4 мая 2022 | 255 | 0

11-майда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтөт. Отурум саат 10:00дө парламент имаратынын жыйындар залында башталат.

Жыйындын күн тартибинде карала турган маселелер (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

«Сырткы видеобайкоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет. Демилгечи Министрлер кабинетинин төрагасы. Буга чейин тармактык  комитетте каралган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи өкмөт. Ага чйин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитет караган.

«Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет.

«Эл аралык чукул жардам жөнүндө», «Өрт коопсуздугу жөнүндө», «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө», «Күрөө жөнүндө»   мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралат.

Ошондой эле ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө токтомунун долбоору каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM