Биз менен байланышыңыз

Алгачкы кыргыз мильтипликатору Сагынбек Ишеновдун музейи ачылды

Кыска кабар | 4 мая 2022 | 308 | 0

Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылындагы Калча орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, СССР Кинематографисттер союзунун жана Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, кыргыз улуттук анимациясынын негиздөөчүсү Сатынбек Ишеновдун тарыхый-этнографиялык көркөм сүрөт музейинин ачылышы болду.

Анда Ишенов тарткан бир топ сүрөттөр коюлганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Сагынбек Ишенов 88 жашта. Ал кыргыздын биринчи мультфильмдеринин режиссёру болгон.

Сүрөтчү жана коюучу катары фильмографиясы

1963 — Космонавттар көчөсү,

1965 — Эң тил алчаак,

1966-жыл — Биздин балалыктын асманы,

1971 — Отко таазим,

1975 — Ташта жылмаюу,

1976 – Сыпайчы (ТВ),

Режиссёр катары

1977 — «Сандардын чатагы» жана «Меке чал менен Кара дөө» сындуу мультфильмдер менен элдин эсинде.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM