Биз менен байланышыңыз

Алай районундагы сел сууларын тазалоо иштери жүрүүдө

Кыска кабар | 4 мая 2022 | 277 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Алай районунда 3-май күнү саат 16:30 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүргөн.

Корул айыл аймагындагы 174 турак үйдүн короолорун суу каптаган, анын ичинде 32 үйдүн жер төлөсүнө жана 1 ФАПтын короосуна сел кирген.

Кооптуу деп табылган 2 турак үйдүн тургундары (22 жаран) туугандарынын үйүнө убактылуу көчүрүлгөн.

Ошондой эле 4 ички чарбалык көпүрө селден жабыркап, жараксыз абалга келген жана 6 электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүкө учураган. Учурда жеринде селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM