Биз менен байланышыңыз

Футбол: 1-турда президенттин командасы Жогорку Кеңешти утту

Кыска кабар | 4 мая 2022 | 716 | 0

Бүгүн, 4-майда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футзал боюнча «Мурас» достук мелдеши өтүп жатат. Оюн «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.

Достук турнири «Президенттин администрациясы жана «Жогорку Кеңеш» командаларынын оюну менен башталган. «Президенттик аппарат» Жогорку Кеңештин командасын 4:1 эсебинде жеңип алды.

2-турда президенттик аппараттын командасы башкы дарыгерлерден куралган «Ден соолук» командасы менен ойнойт.

1-тур

А тайпасы

«Президенттик аппарат» – «Жогорку Кеңеш» – 4:1

В тайпасы

«Өнөр» — «Ыйман» — 0:2

С тайпасы

«Бизнес» — «Спорт федерациялары» — 3:3.

«Мурас» турнири: «Ыйман» командасы өнөр адамдарын утуп алды

Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда ойнойт. Командаларды тайпаларга бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак тартуу аземи өткөн. Ага ылайык, 4 тайпа түзүлдү:

А тайпасы: “Президенттин администрациясы, “Ден соолук”, “Жогорку Кеңеш”;

В тайпасы: “Өнөр”, “Билим”, “Ыйман”;

С тайпасы: “Бизнес”, “Элчилер”, “Спорттук федерациялар”;

D тайпасы: “Алга”, “Аймактар”, “Журналисттер”.

Ар бир тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген команда чейрек финалга чыгат. Тайпалык жана чейрек финалдык оюндар 4-майда, жарым финал менен финал 5-майда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM