Биз менен байланышыңыз

Жапаров Венгриянын тышкы иштер министрин «Достук» ордени менен сыйлады

Кыска кабар | 4 мая 2022 | 628 | 0

Президенти Садыр Жапаров 3-майда өлкөгө расмий сапар менен келген Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду аркылуу биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сөз болду.

«Бизди кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн оң динамикасы кубандырат», — деди Жапаров. Кыргыз тарап быйыл Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын мамлекеттик сапарын күтүп жатканын кошумчалады.

Мамлекет башчы ошондой эле, Венгриянын министрин «Достук» ордени менен сыйлады, анын кыргыз-венгер мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүгүн жана достугун чыңдоого кошкон жеке салымын белгиледи.

«Биз буга Украинадан жүздөн ашуун жарандарыбызды эвакуациялоо учурунда дагы бир жолу ынандык», — деп белгиледи Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM