Биз менен байланышыңыз

Бишкекте журналисттер ишембилик өткөрдү

Кыска кабар | 3 мая 2022 | 273 | 0

Бүгүн, 3-майда Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ишембилик өткөрүштү. Алар Бишкектин Айни көчөсүндөгү сейил бактагы Журналисттер аллеясына чогулушту.

Журналист Канышай Мамыркулова билдиргендей, аталган аллеяга Мелис Эшимкановдун ысымын ыйгаруу сунушталды.

Ишембиликте медиа коомчулугуна болгон коркунучтар жана сөз эркиндигинин Кыргызстандагы абалы тууралуу сөз болду.

3-май – Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү. Бул күн БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы бекитилген.

«Медиа Полиси» институ журналисттерге кысымды токтотууга чакырды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM