Биз менен байланышыңыз

«Медиа Полис» институту журналисттерге кысымды токтотууга чакырды

Кыска кабар | 3 мая 2022 | 307 | 0

Бүгүн, 3-май Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү. «Медиа Полис Институту» коомдук фонду Кыргызстандын бийлигине кайрылуу жасап, журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну токтотуу, алардын коопсуз иштөө шарттарын камсыз кылуу жана сөз эркиндигине тоскоол болгон мыйзамдарды иштеп чыкпоону талап кылды.

«Биз жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге кысым күчөгөндөн улам Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканын өкүнүч менен билдиребиз. 2022-жылдын башынан бери эле Temirov Live, Kaktus.media жана Next tv телеканалынын редакцияларына кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу үч кылмыш иши козголгон.

Мына ушул процесстердин баары жана көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон эбегейсиз зор басымдын далили. Медиа уюмдардын өкүлдөрүн онлайн куугунтуктоолор, жалган жалаа жана интернеттеги коркутуулар да кеңири жайылды» , — деп айтылат кайрылууда.

Акыркы убакта журналисттер жана редакциялар социалдык тармактардагы, почталардагы жана мессенджерлердеги жеке аккаунттарын бузуу аракеттери тууралуу көбүрөөк билдирүүдө. Мындан тышкары, айрым көз карандысыз редакцияларды жабуу талаптары да көбөйдү.

Copyright © 2017 Maral FM