Биз менен байланышыңыз

Эртең Жапаров кошо ойногон футболдук турнир башталат

Кыска кабар , Спорт | 3 мая 2022 | 827 | 0

4-5-майда Бишкекте Кыргыз футбол союзу жана Президенттин администрациясы биргеликте уюштурган «Мурас» футболдук турнири өтөт. Ага президент Садыр Жапаров катышат.

Мелдешке 12 команда катышат. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча алар төрт топко бөлүнөт:

• А тайпасы: Президенттин Администрациясы, «Ден соолук», Жогорку Кеңеш;

• В тайпасы: «Өнөр», «Билим», «Ыйман»;

•С тайпасы: «Бизнес», «Элчилер», «Спорттук федерациялар»;

•D тайпасы: «Алга», «Аймактар», «Журналисттер».

Эртең, 4-майда тайпалык жана чейрек финалдык оюндар, 5-майда жарым финал, үчүнчү орун үчүн беттеш жана финалдык мелдеш болот.

Оюндарды Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана «КТРК Спорт» телеканалы түз алып көрсөтөт.

Түз алып берүү убактысы:

— 4-май саат 10.00;

— 5-май саат 12.00.

2021-жылы декабрдагы турнирдин жыйынтыгында президент Садыр Жапаров бул саамалык салттуу түрдө жылына эки жолу: кышкы жана жайкы турнир катары өтүп турарын жарыялаган.

Былтыр 17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюндар өткөрүлгөн. Анда президент Садыр Жапаров да катышып, биринчи орунду маданият өкүлдөрүнөн турган «Өнөр» командасы алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM