Биз менен байланышыңыз

Сүттүн төгүлүшү боюнча чыр. Эки жумушчу топ түзүлдү

Кыска кабар | 3 мая 2022 | 896 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун фермерлери жана сүт продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Анда сүт алуу, анын сапаты жана баасы боюнча фермерлер менен кайра иштетүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн учурдагы абалды талкуулашты.

Маалым болгондой, сүттү кабыл алуу жана анын сапатын баалоо боюнча бирдиктүү стандарт жок болгондуктан көп учурда талаш-тартыштарды жаратат.

Талкуунун жыйынтыгында кызыкдар тараптардын катышуусунда эки жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Биринчи жумушчу топ кайра иштетүүчү ишканалар менен продукцияны тапшыргандардын ортосунда сүттү кабыл алуу жана анын сапаты боюнча стандарттарды түзөт.

Экинчи жумушчу топ фермерлер менен продукция тапшырган адамдардын ортосунда түзүлөт, топ өз ара иштөө эрежелерин жана шарттарын аныктайт.

Сүт тапшыруучулар Ветеринардык кызматка мындай талаш-тартыштарга ыкчам реакция жасап, сүттүн сапатын изилдөө жана баалоо жүргүзүүсү боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, тармактык ведомстволорго фермерлер үчүн мал чарбачылыгына кам көрүү боюнча маалыматтык роликтерди даярдоо тапшырмасы берилди.

Эске салсак, 1-майда социалдык тармактарда сүт ташуучу унаадан дарыяга сүт төгүлүп жатканы тууралуу видео тараган. Айыл чарба министрлиги видео былтыр тартылганын билдирген. Бирок 2-майда Бишкек милициясы видео жакында тартылганын аныктаган.

Маалыматтарга каганда, үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде сүт ташуучу унаанын айдоочусу сүттүн курамы талаптарга жооп бербегендиктен жеке ишканага тапшыра албай калган. Ал эми 1-май күнү саат 11:00 чамасында Жаңы-Жер айылындагы дарыяга 8,5 тонна сүттү төгүп, аны видеого тартып, кардарларына жөнөткөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев фейсбуктагы баракчасы аркылуу сүттү кайра иштетүүчү «Үмүт жана Ко» жана «Ак Сүт» ишканаларында текшерүү башталганын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM