Биз менен байланышыңыз

Май майрамдарына карата иш-чаралардын тизмеси

Кыска кабар | 3 мая 2022 | 515 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 1-9-майга чейин көңүлдүү убакыт өткөрүүгө боло турган иш- чаралардын тизмесин жарыялады.

Программага ылайык, бардык иш- чаралар Ынтымак-2 сейил багында кечки саат 18:00дө өтөт.

🔷  3-май күнү Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры;

🔷4-май күнү Кыргыз улуттук К. Молдобасанов атындагы консерватория;

🔷 5-май күнү Токтогул  Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармония;

🔷 6-7-май күндөрү “Манас” Кыргыз  улуттук театры;

🔷 8- май күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры;

🔷 9-май күнү Токтоблот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры концерттик программаларды уюштурат.

📌 Мындан сырткары, аймактардагы театр оюн-зоок мекемелери жана маданият үйлөрү 1-3-5-7-9-май күндөрү ачык эс алуу жайларында, парктарда концерттик программаларды, көркөм окууларды, аймактан чыккан көрүнүктүү чыгармачыл ишмерлер менен жолугушууларды  өткөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM