Биз менен байланышыңыз

УЕФА Орусиянын командаларын мелдештерден четтетти

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 3 мая 2022 | 693 | 0

Европа биргелешкен футбол ассосациясы (УЕФА) 2-майда орусиялык футбол клубдарынын жана командалардын аталган уюмдун алкагындагы турнирлерге катышуусун чектеди.

Бул тууралуу маалымат аталган уюмдун сайтына жарыяланды.

Орусиялык командалар УЕФА мелдештеринин 2022-23-сезонуна катыша албайт.

Орусия В лигасынын 2-тобуна катышпайт жана анда автоматтык түрдө төртүнчү орунга чыгат. Ага ылайык, тайпалык этаптын жыйынтыгында В Лигасынын бардык командаларынын ичинен акыркы 16-орунга ээ болуп, даражасы төмөндөйт.

28-февралда УЕФА менен ФИФА орусиялык командаларды эл аралык турнирлерден четтеткенин жарыялашкан. Москванын «Спартак» клубу 2021-2022 сезонунда Европа Лигасынын 1/8 финалында ойноо мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Ал эми Орусия улуттук курамасы 2022-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын тандоо плей-офф оюндарына катышкан жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM