Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Жеңиш майрамы кандай белгиленет? (иш-чаралар программасы)

Кыска кабар | 3 мая 2022 | 348 | 0

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгына арналган салтанат өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэрия иш-чаралардын программасын жарыялады.

4-май саат 10:00

Д.Асанов атындагы паркта Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт.

Саат 13:00

№49 мектепте Аскердик даңк залынын ачылышы болот.

Саат 14:00

Улуттук консерваторияда Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлеринин 21-фестивал-сынагынын жыйынтыгы боюнча гала-концерт өтөт.

5-май саат 11:00

Бишкектеги П.Лумумба, көчөсүнүн 82/2 дарегиндеги аскердик институтта «Согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана тыл кызматкерлеринин республикалык кеңеши» деп аталган коомдук бирикме «Жеңиш ырлары» автожүрүшүн өткөрөт.

6-май саат 10:00

Карульский 12 дарегиндеги көрүстөндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган жыйын-реквием өткөрүлөт.

7-май саат 13:00

Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия проспектисинин кесилишинде Баатырлар аллеясына согушта курман болгон жоокерлердин эстелигине гүл коюу жана театралдаштырылган оюн-зоок өтөт.

Саат 11:00

«Красная строитель» жаңы конушундагы Аул сейил багында Улуу Ата Мекендик согуштун эстелигине гүл коюлат.

Саат 12:00

Октябрь районунун «Оберег» эс алуу борборунда майрамдык концерт болот.

Саат 10:00дөн 18:00гө чейин Ала-Тоо аянтында Манастын эстелигинин жанында республикалык кароо-сынактын жыйынтыгы чыгарылып, «Достук-2022» гала-концерти өтөт.

9-май саат 12:00дөн 16:00гө чейин

Пушкин жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган гала-концерт өтөт.

Ошондой эле бул күнү Өчпөс оттун жанындагы Жеңиш аянтында майрамдык иш-чаралар уюштурулат.

Copyright © 2017 Maral FM