Connect with us

Туйгунаалы Абдраимов эки айга камалды

Кыска кабар | 2 Май 2022 | 434 | 0

Чүй облусунун мурдагы башчысы жана БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 30-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына камалды. Мындай чечимди бүгүн, 2-майда Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Буга чейин атайын кызмат Абдраимов БШКнын төрагасы болуп турган учурда кызматтык абалынан пайдаланып, Ысык-Ата районунун «Жээк» айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин 11,2 гектар таштанды таштоочу жайын «Кайнар» ишканасына бекер бөлүп берүүгө мажбурлаганын билдирген. Ал аталган компаниянын 95 пайыз акциясына ээлик кылганы айтылган.

30-апрелде УКМК тарабынан ага Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Туйгунаалы Абдримов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген эле.

Copyright © 2017 Maral FM