Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктарды ажылыкка алып баруучу авиакомпания тандалды

Кыска кабар | 2 мая 2022 | 837 | 0

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ажыларды ташууга Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын улуттук авиакомпанияларынын ортосунда тандоо жарыялап, ага бир гана Flaynas авиакомпаниясы катышкан. Анын негизинде ажыларды ташууда кызмат көрсөтүү үчүн Flaynas авиакомпаниясын тандап алышты. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Учурда авиакаттамдарды уюштуруу, келишим түзүү жана башка уюштуруу маселелери чечилүүдө.

Белгилей кетсек, быйыл Сауд Аравия ажылык сапарга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 2 766 квота бөлунгөн. Ажылыктын баасы 4500 доллар.

Эскерте кетсек, 2019-жылы дагы ажылык сапарга ташууга Сауд Аравиянын жарандык Flaynas авиакомпаниясы гана сынакка катышкан болчу.

Быйылкы ажылык сапардын акчасы нааразычылык жаратпайбы?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM