Биз менен байланышыңыз

Быйылкы ажылык сапардын акчасы нааразычылык жаратпайбы?

Коом , Саясат | 22 Апр 2022 | 2198 | 0

19-апрелде Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлгөнүн Муфтияттан билдиришкен. Быйылкы ажылыкка 2020-жылы электрондук кезек алып, бирок пандемияга байланыштуу сапары токтотулган жарандар барат. Алар 25-апрелден тарта төлөмдөрдү жүргүзө баштайт. Быйыл 2020-жылы төлөгөн акчага дагы 1000 доллар кошулат. Талаптар да мурдагыдан катуу коюлду. Буга чейин ажылыкка топтолгон каражат чуу жаратып, бир канча адам сурак берип чыккан. Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

Эки жылдык тыныгуудан кийин Сауд Аравия чет элдиктердин да ажылык парзын аткарып кетүүсүнө уруксат берди. Меккеге быйыл миллион адам барат. Алардын катарында Кыргызстанга 2766 квота бөлүнгөн.

Ош облусундагы Ноокат районун тургуну Раматулло Садиров 2020-жылы ата-энесин ажылыкка жөнөтүү максатында кезекке жаздырган. Пандемиядан кийин апасы баруудан баш тарткан. Ал эми атасы «быйыл да уруксат берилбейт экен» деп уккандан кийин бир ай мурда акчасын алып, Умра сапарына барып келген.

«Быйыл ажылык сапар болбойт экен, 2025-2027-жылдары болуп калат» деп уктук эле. Анан «атамдын жашы өтүп кетпесин, Умрага жөнөтөлү» деп акчаны алдык. Ошол эле учурда «төлөнгөн акчаларды кийин кайтарып алуу маселе болот» деген да сөздөрдү уктук. Акчанын 3200 долларга жакынын алдык, дагы 200 доллардын тегерегинде калды. Кезекте турган элек, ошол орун кармалып тура берсин деп жатабыз, кийин чектөөнү алып салса, барып келет, буйруса. Биз сом менен берген элек, кийин доллар менен алдык».

Сауд Аравия Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына ажылык парзды аткарууга уруксат берилерин 19-апрелде гана кабарлаган. Быйылкы ажылык сапардагы өзгөчөлүктөр жана талаптар боюнча муфтият 21-апрелде ыкчам маалымат жыйын өткөрдү. Анда уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла Кадырбердиев 2020-жылдагы сапар үчүн жан башына 3350 доллар чогултулса, быйыл болжол менен 4500 доллардан бериле турганын айтты.

Анын айтымында, бул сумма өзгөрүшү мүмкүн, бирок төлөмдөр беш күн ичинде берилиши шарт.

«Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү. Анын ичинде ажыга бара турган жарандарга кызмат кылган уюштуруучу штаб, ажы башчылар болот. Жалпысынан 2680 адам зыярат кылып келет. Калган 86 адам — дарыгерлер, ажы башчылар, ашпозчулар жана башкалар. 2019-2020-жылдары «РСК Банкка» кайтарымсыз 700 сом жана 500 доллар төгүп катталгандар бар болчу. Алардын жалпы саны 6000. Кээ бири акчасын кайтарып алган, кээ бири кезекти кармап туруу үчүн калтырган. Убакыт өтө чукул болгондуктан базада тургандардын 65 жаштан жогорку курактагыларын чыгарып салсак, 3300 адам калат экен. Баалар да толук аныктала элек, себеби Сауд Аравия кээ бир төлөмдүн акыркы баасын бере элек. Андан сырткары авиакомпанияларга тендер өткөрүү керек болчу, ал да аягына чыга элек. Эки жылдан бери ажылык сапар болгон жок. Быйыл баалар кымбат болот, анткени баары кымбаттап, бизде бензин 60-70 сомго чейин көтөрүлдү. Ушул эле көрүнүш аларда да бар. Андан сырткары алар ар бир нерсенин үстүнө 15% салык кошо турган мыйзам кабыл алышты. Ошондуктан тийиштүү төлөмдөр бар, ошолордун үстүнө 100% кошулуп калган. Биз: «4500 доллардын тегерегинде болот го», — деп болжоп жатабыз, бирок бул акыркы сандар эмес».

Ажылык сапардын кымбат болгону коомчулукта кызуу талкууланууда. Теолог Улан Усупов муфтият Сауд Аравиядагы ажылыкты уюштуруу штабы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бара тургандардын санын көбөйтүп, бааны арзандатууга аракет жасашы керектигин белгилейт.

«Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, колдон келсе бааны түшүрүп, квотаны көбөйтүү керек деп ойлойм. Сауд Аравия дүйнө жүзүнөн келе турган бүт өлкөгө 15% салык деген болсо, анда алар кыскартпаса керек. Биз кыскарта ала турган жерден кыскартышыбыз керек. 4 миң долардан ашпашы керек деген ойдомун. «Жеңилдеткиле, оорлотпогула» деген принципти кармануу керек. Ажылык маселесинде да ыңгайлуу, шарты жакшы, элибиз көтөрө ала турган баа болушу керек. Бүгүнкү күндө элибиз кыйын абалда турганда, баанын кымбаттап кетиши туура эмес. 2 миң, анан 2500, кийин 3500, эми 4500 доллар болуп кете береби? Муну элдин шартына жараша бир баада кармоо керек».

Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлиги 2020-жылы Кыргызстанга 6000 квота бөлгөн. Анын 500ү уюштуруу штабына берилген. Ажылык сапардын баасы 3350 доллар деп белгиленип, барууну каалагандардан жалпы 18 млн 400 миң долларга жакын акча чогулган. Бирок ошол жылы дүйнө жүзүндө пандемия күч алып, сапар токтотулган. Элден чогулган акчаны муфтият «Налоговый представитель» компаниясы менен келишим түзүп, белгилүү бир мөөнөттө кайра кайтаруу шарты менен берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет муфтият ажылык үчүн топтолгон акчаны жеке каржы компанияларына берип, ай сайын пайызын алып турушканын аныктап чыккан.

УКМКнын 2021-жылдын 10-февралында тараткан маалыматына караганда, бул ишти жашыруу үчүн муфтияттын эсепчиси Жеңишбай Бекиев УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштаган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) менен катталып, башкы эсепчи пара берип жаткан жеринен кармалган. Аталган иш боюнча мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушев билдирүү жасап, маалыматты четке каккан. Тергөө иштеринин жыйынтыгы билүү үчүн Максатбек ажы Токтомушевге кайрылганыбызда, ал тергөө бүгүнкү күндө да жүрүп жатканын билдирди:

«Тергөө бүтөйүн деп калды. Кудай кааласа, бир аздан кийин бүтөт. Андан кийин кенен жооп берем. Азырынча мага жооп берүүгө уруксат эмес».

Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлигинин чет элдик ажыларга койгон талаптары:

  •  Ажыга баруучу 65 жашка чейин болушу керек;
  • COVID-19 илдетине каршы эмдөө алышы керек;
  • Сауд Аравияга киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19 боюнча тапшырган ПЧР-тесттин терс тастыктамасы болушу керек.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылыкка барууга камданып жаткандарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырган. Сауд Аравиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Pfizer-BioNTech, Moderna, Oxford-Astrazeneca, Janssen вакциналарын өлкөсү үчүн жарактуу деп тапкан.

Болжол менен 1-июндан ажылык сапарга биринчи учуулар башталат.

Copyright © 2017 Maral FM