Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаровдун Орозо айт майрамы менен куттуктоосу

Кыска кабар | 2 мая 2022 | 719 | 0

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда ар бир үйгө береке, бакыт жана жарык маанай каалады. Ал эми өлкөбүзгө токчулук, өнүгүү, ийгилик, элибизге биримдик, дүйнөгө тынчтык жана ынтымак боолусун тиледи.

«Он эки айдын султаны деп айтылган бул ыйык Орозо айында жакшы ниет, аруу тилектер айтылып, кайрымдуулук иштер арбын болду. Колу ачык инсандарыбыз жан дүйнөсүн тазалап, бул ыйык айдын урматына көптөгөн сооп иштерге себепкер болуп, жардамын аябай, бир топ жарандарыбызды кубантууга ашыгып, аракет кылгандыгына бекем ишенем. Себеби тынчтыктын, ынтымактын данакери болгон Ислам динибиздин беш түркүгүнүн бири Орозо кармоо адам баласын жакшылыкка жетелеп, жаштарды туура жолго үндөөрү жалпыга белгилүү” , — деди ал.

Президент ошондой эле кыргызстандыктарды  жеке эле Орозо айында эмес, мындан ары дагы колунда барларды муктаждарга кайрымдуу болууга, араздашкандарды бири-биринен кечирим сурап элдешүүгө, жакын алака-катыш менен жылуу мамиледе болууга, тууган-урук менен мамилени чыңдоого чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM