Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мектеп окуучусу сабалып, ооруканага түшкөн

Кыска кабар | 1 мая 2022 | 316 | 0

Бишкектеги №58 мектепте 3-класстын окуучу кызы ур-токмокко кабылды.  Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-апрелде саат 16:00 чамасында милицияга 10 жаштагы кыздын жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ал саат 11:40та мектептен чыккан боюнча үйүнө барган эмес. Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертиза дайындалган.

Саат 18:00гө жакын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын балдар иши боюнча инспекторлору жоголгон кызды сабалган абалда мектептин артынан табышкан. Тез жардам кызматы окуучуну №3 балдар ооруканасына жеткирген.

Ошол эле күнү аталган кылмышка шектелип 14 жаштагы П.А. аттуу 8-класстын окуучусу кармалып, милицияга жеткирилген. Ага карата Жазык кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда окуянын келип чыгуу себептери иликтенүүдө, соттук экспертиза жана башка иш-чаралардан кийин бул ишке юридикалык баа берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM