Бишкектеги №58 мектепте 3-класстын окуучу кызы ур-токмокко кабылды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-апрелде саат 16:00 чамасында милицияга 10 жаштагы кыздын жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ал саат 11:40та мектептен чыккан боюнча үйүнө барган эмес. Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертиза дайындалган.
Саат 18:00гө жакын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын балдар иши боюнча инспекторлору жоголгон кызды сабалган абалда мектептин артынан табышкан. Тез жардам кызматы окуучуну №3 балдар ооруканасына жеткирген.
Ошол эле күнү аталган кылмышка шектелип 14 жаштагы П.А. аттуу 8-класстын окуучусу кармалып, милицияга жеткирилген. Ага карата Жазык кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Учурда окуянын келип чыгуу себептери иликтенүүдө, соттук экспертиза жана башка иш-чаралардан кийин бул ишке юридикалык баа берилет.