Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Орозо айт намазына катышат

Кыска кабар | 1 мая 2022 | 314 | 0

Бишкектеги Орозо айт намазына президент Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына таянып,  жергиликтүү басылмалар жазды.

Эртең, 2-май — Орозо айт майрамы. Бул күнү айт намазы Бишкек шаарындагы эски аянтта окулат.Намазга чогулуу таңкы 6дан тарта башталып, саат 7:30да намаз окулат.

Айт намазга карата ордо калаада Фрунзе көчөсү менен Чүй проспекти Логвиненкодон тарта Тыныстанов көчөсүнө чейин жабылары айтылган.

Эскерте кетсек, 2020-жылы пандемияга байланыштуу айт намаздарды окууга тыюу салынса, 2021-жылы аралыкты так сактоо менен мечиттерге гана окууга уруксат берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM