Бишкектеги Орозо айт намазына президент Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.
Эртең, 2-май — Орозо айт майрамы. Бул күнү айт намазы Бишкек шаарындагы эски аянтта окулат.Намазга чогулуу таңкы 6дан тарта башталып, саат 7:30да намаз окулат.
Айт намазга карата ордо калаада Фрунзе көчөсү менен Чүй проспекти Логвиненкодон тарта Тыныстанов көчөсүнө чейин жабылары айтылган.
Эскерте кетсек, 2020-жылы пандемияга байланыштуу айт намаздарды окууга тыюу салынса, 2021-жылы аралыкты так сактоо менен мечиттерге гана окууга уруксат берилген.