Биз менен байланышыңыз

УКМК: Туйгунаалы Абдраимов кармалды

Кыска кабар | 1 мая 2022 | 690 | 0

Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кызматтык абалынан пайдаланып, Ысык-Ата районунун «Жээк» айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин аянты 11,2 га  болгон таштанды таштоочу жайды өзүнө таандык «Кайнар» ишканасына бекер бөлүп берүүгө мажбурлаган.

Ошону менен бирге Ысык-Ата райондук администрациясынын буйругуна ылайык, «Кайнар» ишканасы 2015-жылдан баштап белгиленген тилкеде бардык санитардык-экологиялык нормаларды сактоого милдеттендирилген.

Түзүлгөн келишимдер боюнча Кант шаарынын мэриясы таштандыларды жок кылып туруу үчүн ай сайын «Кайнар» ишканасына 250 миң сом төлөп турган. Бирок, аталган ишкана катуу калдыктарды жол кылуу боюнча эч кандай санитардык нормаларды сактабаганы аныкталган.

30-апрелде жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Туйгунаалы Абдримов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда ыкчам-тергөө иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM