Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды Эмгек майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 1 мая 2022 | 294 | 0

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда талбай эмгек кылуунун аркасында үй-бүлө, коом жана мамлекетке бакубатчылык менен байгер турмуш келе тургандыгын белгилеген.

«Бул күн биздин өлкөбүздө узак жылдар бою муундан-муунга карай майрамдалып, тарыхыбыздын бир бөлүгү болуп калды. Эмгек майрамы жаңылануунун, жаңы ийгиликтерге жетүүнүн өзүнчө бир символикалуу датасына айланды. «Эмгек барда — өнмөк бар» деген накыл кеп сыңары, талбаган эмгек, темирдей эрк жана кайрат-күч гана мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө жол салат. Ошондуктан, тарых таасын далилдеп келгендей, талыкпастан эмгек кылуу менен алдыга умтулуп, аруу максат-тилектерибизге жетели. Белгилүү мамлекеттик ишмер атабыз Исхак Раззаков «Уйку таттуу, эмгек андан да ширин» деп бекеринен айтпаган чыгар» , — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Ошондой эле ал адал эмгек менен гана өз келечегибизди кура алаарыбызды, балдардын бактылуу келечеги бүгүнкү күч-аракеттерден түздөн-түз көз каранды экендигин кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM