Биз менен байланышыңыз

Орусия кыргызстандыктар үчүн чек арадагы чектөөлөрдү алат

Кыска кабар | 30 Апр 2022 | 1500 | 0

Орус өкмөтү ушул жылдын 16-майынан тартып Кыргызстандын жарандары үчүн мамлекеттик чек арадан өтүүдөгү, андан тышкары Орусиянын жарандарын Кыргызстанга кирүүсүнө чектөөлөрдү алуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары Орусияга бардык өткөрүү пункттары аркылуу өтсө, ал эми Орусиянын жарандары орус-казак чек арасы аркылуу өтө алышат.

Роспотребнадзордун чечимине ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Орусияга чек ара өткөрүү пункттары аркылуу кирген жарандардан ПЧР тестинин жыйынтыгын талап кылбайт.

Copyright © 2017 Maral FM